География:САРЫЧАШМА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

САРЫЧАШМА ТООСУ – Алай кырка тоосунун түн. тармагы. Раут ж-а Калаймахмуд сууларынын (Сохтун сол куймалары) аралыгында кеңдик багытында 20 кмге созулат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 3600–3800 м, эң бийик жери 4005 м. Кыры аска-зоокалуу, капталдары тик, кокту-колоттуу. Силурдун сланец, кумдук, акиташ теги, конгломерат ж. б. тектеринен турат. Көмүр кендери бар. Бадалдуу шалбаа-токой (арча 2700–3000 м бийиктикке чейин), бадалдуу-талаа (3000–3200 м) ж-а субнивалдык муздак чөл ландшафттар мүнөздүү. Жайкы жайыт.