География:САРЫБЕЛЕС ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

САРЫБЕЛЕС ТООСУ Борб. Теңиртоодо. Какшаал тоонун түн.-батыш тармагы. Текелик ж-а Көккыя сууларынын (Аксай суусунун оң куймалары) аралыгында дого сымал кеңдик багытта созулуп жатат. Уз. 24–25 км, туурасы 6–7 км. Орт. бийикт. 3800–4200 м, эң бийик жери 4613 м. Кыры аскалуу, капталдары тик капчыгайлуу. Мөңгү ж-а анын аракетинен пайда болгон көл бар. Девон м-н карбондун кумдук, сланец, акиташ теги; конгломерат, кремнийлүү чөкмө тектеринен турат. Субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы, шалбаа (3300–3400 м бийиктикке чейин), субнивалдык суук чөл ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайкы жайыт.