География:ПУТОО ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ПУТОО ТООСУ – Чоң Алай кырка тоосунун түн. тармагы. Кырг-н м-н Тажикстандын чегарасы аркылуу түндүктөн түштүккө 22 кмге созулуп жатат. Алай өрөөнүнүн батышынан орун алган. Туурасы 5 км. Орт. бийикт. 3400–3700 м, эң бийик жери 4139 м. Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү, капталдары тик, кыска ж-а терең кокту-колоттуу. Юра м-н бордун алевролит, чопо, кумдук, конгломерат ж. б. тектеринен турат. Шалбаалуу талаа м-н сейрек арча токою (2900–3000 м бийиктикке чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (3000–3600 м), нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.