География:ОРТОКТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРТОКТОО Талас өрөөнүнүн чыгышында. Каракол ж-а Үчкошой сууларынын аралыгында, Кыргыз Алатоосуна жарыш жатат. Уз. 35 км, туурасы 8 км. Тоонун жону байыркы денудациялык тегиздик. Орт. бийикт. 2300 м, эң, бийик жери 2506 м (Шумкар чокусу). Капталдары асимметриялуу: түштүгү тик ж-а кыска, түндүгү жантайыңкы ж-а узун, терең, сайлар көп. Түн. бетинде бийик чөптүү шалбаалуу талаа ж-а шалбаа, түш. бетинде бадал (1600–2000 м бийикте), бетеге шыбактуу талаа өсүмдүктөрү, 2000 мден жогору түркүн чөптүү шалбаалуу талаа өсөт. Жайыт.