География:КУРУКСАЙ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРУКСАЙ ТООСУ – Алай кырка тоосунун түн. тармагы. Кыштут, Толбоскөл (Сохтун оң куймалары) ж-а Гавиан сууларынын алабынан орун алган. Кеңдик багытта 31 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 4000–4100 м, эң бийик жери 5147 м. Жону тайпак. Капталдары тик, кокту-колоттуу капчыгайлары бар. Девон м-н карбондун акиташтуу доломит, акиташ тектеринен турат. Талаа (1800–1900 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а шалбаалуу токой (арча м-н бадалдар; 2800–3000 мге чейин); субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы ж-а сейрек бетегелүү талаа (3200–3400 мге чейин), андан жогору субнивалдык суук чөл ж-а түбөлүк кар, мөңгүлүү ландшафт тилкелери бийиктик б-ча таралган. Жайыт.