География:КУЛУН ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛУН ТООСУ Алайкуу өрөөнүндө. Кулун (түш.) ж-а Каракулжа (түн.) өрөөндөрүн бөлүп турат. Чыгышында Фергана тоо тизмегине барып такалат, батышынан Ойтал капчыгайы м-н чектешет. Уз. 30 км, туурасы 10 км. Орт. бийикт. 3900 м, эң бийик жери 4593 м. Кыры урчуктуу, кууш, капталдары кыска, терең капчыгай ж-а кокту-колоттуу. Этектерин дээрлик корум таш, шагылдар ээлейт. Палеозойдун кум, акиташ, сланец тектеринен түзүлгөн. Мөңгүлүү (айрыкча Чоңкулун ашуусунун аймагы). Күнгөй беттери каксоо, жапыз, сейрек арча токойлор өсөт. Тескей беттеринде карагай токою кездешет. Ачык жайык жерлерине субальп ж-а альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Жолдун татаалдыгынан табигый ландшафтына адамдын чарбачылык таасири анчалык тийген эмес.