География:КӨКТУМШУК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨКТУМШУК ТООСУ – Чоң Алай кырка тоосунун түн. тармагы. Туюксуу ж-а Жанайдартак (Кызылсуунун сол куймалары) сууларынын аралыгында кеңдик багытта 28–30 кмге дого сымал созулат. Туурасы 8–10 км. Орт. бийикт. 3800–4700 м, эң бийик жери 5459 м. Кыры аска-зоокалуу ж-а мөңгүлүү. Капталдары тик; кокту колоттор м-н майда капчыгайлар көп. Бор ж-а палеоген мезгилдериндеги чопо, алевролит, кызыл түстүү кумдук, акиташ тектеринен турат. Субнивалдык суук чөл ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафттары мүнөздүү.