География:КӨКДӨБӨ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨКДӨБӨ ТООСУ – Тескей Алатоонун түн. тармагы. Түргөнаксуу ж-а Бозучук сууларынын аралыгында түштүктөн түндүктү карай 21–23 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлөр аз кездешет; капталдары тик, майда коктуколоттуу. Орт. бийикт. 3300–3800 м, эң бийик жери 4036 м. Палеозойдун башталышында пайда болгон гранит, гранитдиорит, диорит интрузия тектеринен турат. Шалбаалуу талаа (2200–2300 м бийиктикке чейин), бийик чөптүү шалбаалуу токой (2300–3000 м), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа (3000–3600 м), андан жогору субнивалдык суук чөл ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; токой чарбалары бар.