География:КАРДЫТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРДЫТОО Борб. Теңиртоодо. Борколдой кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагы. Чолоккапчыгай ж-а Кайнар сууларынын (Чоң Үзөңгүкууштун оң куймалары) аралыгында дого сымал кеңдик багытта 23– 30 кмге созулуп жатат. Туурасы 13–15 км. Орт. бийикт. 4300–4600 м, эң бийик жери 5012 м. Тоонун кыры аска-зоокалуу, мөңгүлөр кеңири аянтты ээлейт, капталдары тик, терең капчыгайлары көп. Девон ж-а карбондун кварц, талаа шпаттуу кумдук, сланец, алевролит, гравелит, акиташ тектеринен турат. Субальп ж-а альп шалбаалуу талаа (3206–3300 мге чейин) ж-а гляциалдыкнивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.