География:КАКШААЛ ТОО ТИЗМЕГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАКШААЛ ТОО ТИЗМЕГИ Теңиртоонун түштүгүндө, Кыргызстан м-н Кытайдын чегарасы б-ча 582 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 54 км. Орт. бийикт. 4500 м. Эң бийик чокулары: Жеңиш (7439 м) ж-а Аскер топографтары (6873 м). Орографиясы жагынан 3 бөлүктөн турат: чыгышы Б о з к ы р деп аталып, Сарыжаз капчыгайына чейин созулат, айрыктары: Кайыңды, Көйкап, Майбаш. Ортоңку бөлүгү Караичкетоо, Акзоо, Жангарт, Үччоку, Кайчы тармактарынан турат. Батышы Каракыр, Торугарт ж. б. тармактардан туруп, Аксай өрөөнүн көздөй жапыздап, кайнозойдун тектерине чөгөт. Какшаалдын түш. бети тик (50–60°), түн. бети жантайыңкы (30– 40°). Жондору кырдуу, аркайган чокулары көп. Капталдары капчыгайлар м-н тилмеленип, көбүнчө зоокалуу. Негизги ашуулары–Бедел, Көгирим, Бикиртик, Кайчы, Карабел, Акөгүз, Сууктөр (4200 м). Сырт рельефи–айдөш беттер, жантайыңкы тегиздиктер да кезигет (айрыкча борб. бөлүгүндө). К. т. т. – Түш. Теңиртоонун чегинде жайгашып, структурасы б-ча герцин бүктөлүүсүндө пайда болгон ж-а түн.чыгышка карай багытталып жаткан мегантиклиналдык түзүлүш. Негизинен палеозойдун (силур-карбон мезгилдери) акиташ теги, алевролит, кумдук, конгломерат ж-а чополуу сланецтерден түзүлгөн. Аларды гранит, гранит-сиенит ж-а сиенит интрузиялары жиреп чыккан, о. эле пегматит, аплит, роговик ж-а скарндар кеңири тараган. Какшаалда негизинен калай рудалары, сейрек кездешүүчү металлдар ж. б. кендер белгилүү (к. Акшыйрак калай кендүү району, Сарыжаз калай кендүү району). Курулуш материалдары көп; минералд уу ара ша н суула р д а ч ыг а т. Ба й ырк ы мөңгүлөрдүн издери сакталган. Мөңгүлөрдүн таралышы жагынан Кантеңирден кийин 2-орунда. Ирилери борборунда ж-а чыгышында жайгашкан. Жалпы аянты 983 км2 (Комаров мөңгүсү,29,8 км2). Түн. беттеринде мөңгүнүн учу 3800 м бийиктикке чейин түшөт. Кар чеги 4400–4500 м бийиктикте. Ландшафттары ар кыл: сырт талаасы (2800–3100 м бийикте; бетеге, каракыяк, аксокто ж. б.); альп шалбаасы (3100–3500 м; бетеге, Түркстан сулусу, тоо сойгок ж. б.); субнивалдык суук талаа (3400– 3800 м; жер жаздык, хризантема, альфердия ж. б.); гляциалдык-нивалдык алкагы (3800 мден жогору), өрөөндөргө кургак талаа ж-а шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт. У. Атаканов