География:ДАУДТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАУДТОО – Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы. Каравшин ж-а Жиптик сууларынын аралыгында кеңдик багытта дого сымал 23 кмдей созулуп жатат. Туурасы 6–8 км. Орт. бийикт. 3400–3600 м, эң бийик жери 4149 м. Кыры тайпак, аска-зоокалуу, капталдары тик, капчыгай, кокту-колоттуу. Силурдун аягында пайда болгон конгломерат, кумдук, сланец, акиташ тектеринен турат. Талаа (1600–1800 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а арча токою (1800– 2900 м), субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (2900–3200 м), талаа (3200–3400 м), корум таштуу ж-а жылаңач аскалуу нивалдыкгляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.