География:БАЙТАКТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТАКТОО – Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы. Баткен өрөөнүнүн түш. тарабында кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орт. бийиктиги 1600– 1700 м, эң бийик жери 1936 м. Кыры тайпак, капталдары тик ж-а кыска. Бор мезгилинин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, гипс, акиташ тектеринен турат. Кургак талаа, жарым чөл ландшафтары басымдуу. Жайык капталдарына кайрак эгин айдалат; чөп чабынды ж-а жайыт катары пайдаланылат.