ВАВИЛОН ТУТКУНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:18, 5 август 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАВИЛО́Н ТУТКУНУ – байыркы еврейлердин тарыхындагы биздин заманга чейинки 586-жылдан 539-жылга чейинки мезгил. Вавилон падышасы Навуходоносор II Иерусалимди ээлегенден кийин, еврейлердин бир бөлүгүн күч менен Вавилонияга көчүрүп, туткундар ар кайсы аймактарга чачыранды отурукташтырылган. Алар бат эле жергиликтүү элдердин арасына сиӊип кетишип, еврей диаспоралары негизинен соода жана кол өнөрчүлүк менен алектенишкен. Биздин заманга чейинки 539-жылы Вавилония перс падышасы Кир II тарабынан басып алынып, еврейлерге өз мекенине кайтууга уруксат берилгендигине карабастан, алардын көпчүлүгү кайтпай калган.