География:ТОҢ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
, К е р е г е т а ш ж ы л у у с у у с у – Ысыккөл облусунун Т оң р-нундагы дарылык касиети бар радондуу арашан булак. Бөкөнбаев кыш-нан 28 км түш. тарапта, Тескей Алатоонун түш. капталындагы Жылуусуу өрөөнүндө, деңиз деңг. 3040 м бийиктикте жайгашкан. Жерг. элге илгертен белгилүү.1915-ж. геол. маалымат берилген. Суу палеозойдун башталышында пайда болгон порфирлүү граниттердин арасындагы тектон. жаракалардан грифон түрүндө атырылып чыгат. Суу тузсуз, даамсыз, күкүрттүү суутек жыттанат. Темп-расы 46°С, чыгымы 0,2–0,5 л/сек. Составы б-ча сульфат-хлорид-натрий-кальцийлүү. Суудагы эриген газдар: күкүрттүү суутек 10 мг/л, көмүр кычкыл газы 14 мг/л; активдүү компонент – радон 3,2 . 10-6 Махе бирдигине жетет. Суунун жалпы минералданышы 900–1200 мг/л. Суу муун, нерв, тери ж-а гинекология ооруларын киринүү жолу м-н дарылоого жарамдуу.