География:БЕШБЕЛЧИР-АРАШАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Нарын облусунун Атбашы р-нундагы дарыланууга жарамдуу минералдуу булактары бар бальнеол. курортко ылайыктуу аймак.

Нарын ш-нан 90 км, Атбашы кыш-нан 60 км түш.-чыгыш тарапта. Атбашы кырка тоосунун түш.-чыгыш капталындагы Арашан өзөнүнүн боюнда, деңиз деңг.3300 м бийиктикте. Булактар жерг. элге илгертен белгилүү болсо да, алар ж-дө алгачкы геол. маалымат 1920-ж. берилген. Суу девон мезгилинде пайда болгон акиташ тоотек катмарларынан чыгып, бири биринен 30 км аралыкта жайгашкан эки кайнар булактан турат. Дарылоочу негизги табигый фактору – көмүр кычкыл газдуу (СО2 – 0,44–1,3 г/л), гидрокарбонатнатрий-кальцийлүү суу (минералдануусу 3,5 г/л, темп-расы 20°С); суткалык дебити 436 м3. Сууну ичүүгө ж-а ичеги-карын, бөйрөк ооруларын дарылоого болот. Суусу дарылоо үчүн ж-а суусундук катары «Арашан» деген ат м-н бөтөлкөгө куюлуп алынат.