География:АЖЫКЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
–Түш. Кырг-ндагы жайлоо, табигый кооз жер. Тар суусунун алабында.

Чыгышынан Чаканташ тоосу, түш.-батышынан ж-а батышынан Акбашат, Чалкан кырлары м-н чектешет. Каракулжа кышнан 40–45 км түш.-чыгыш тарапта. Аянты 30 км2дей, деңиз деңг. орт. бийикт. 1800– 2300 м, эң бийик жери 2600 м (Чаканташ тоосунда). А-нин түш. ж-а чыгыш капталы тик келип, түн.-батышка жантайыңкы. Бор мезгилинде пайда болгон акиташ тектеринен турат. Батыш ж-а түн.-батыш капталы палеоген-неоген мезгилдеринин конгломерат, кумдуу чопо ж-а гипс тектери м-н капталган. Өрөөндөн Ажыке суусу агып өтөт. Климаты континенттик, жылдык орт. темп-расы 3,2°С, январдыкы – 15,1°С, июлдуку 15,4°С. Жылдык жаанчачыны 345 мм. Батыш ж-а түн. капталында карагай, арча токою, чыгыш ж-а түш.беттеринде майда бадал, сейрек арча өсөт. А-ге талаа, токой, субальп ж-а альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Т абиятына карагай, арча, четин, шилби, табылгы, бетеге, шыбак ж. б. өсүмдүктөр кооздукту берип турат. Жайлоого Каракулжа р-нун малы жайылат.