География:ЧОҢТУЗ ҮҢКҮРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Кыргыз Алатоосунун түн. капталында неогендин туздуу катмарында пайда болгон карсттык үңкүр. Желдисуу суусунун сол өйүзүндө. Кант р-нун аймагында. Жалпы уз. 400 мдей. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында кайнатма туз казып алынган. Келечекте ооруларды дарылоочу үңкүр катары пайдаланууга болот. Кырг-ндагы ири үңкүрлөрдүн бири.