География:ЭКИЧАТ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Борб. Теңиртоодогу Көөлү кырка тоосунун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Сарыжаз суусунун оң куймасы Теректинин алабында жайгашкан. Уз. 4,1 км, аянты 10,4 км2, абляция облусунун аянты 3,2 км2. Башы деңиз деңг. 4900 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4160 м.

Фирн облусу оң жак капталда. «Тилинде» ортоңку моренанын үч тилкеси жатат. Сол тарабындагы мөңгү 1956-ж. чейин анын бир тармагы болгон, азыр ал 180 мдей тартылып, өзүнчө мөңгүнү түзөт. Мөң гүдөн Теректи суусунун оң куймасы Экичат суусу башталат.