География:ЧОҢТӨР МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Кыргыз Алатоосунун түн. капталында бири-бирине жанаша жаткан өрөөн тибиндеги үч мөңгү. Аксуунун куймасы – Сокулук суусунун жогорку агымы Чоңтөрдүн төрүнөн орун алган. Ч ы г ы ш Ч о ң т ө р м ө ң г ү с ү н ү н уз. 4,3 км, аянты 5,0 км2.

Башы деңиз деңг. 3990 м, этеги 3200 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3520 м. Абляция облусунун аянты 2,5 км2. Б а т ы ш Ч о ң т ө р м ө ң г ү с ү н ү н уз.

4,3 км, аянты 6,1 км2. Башы деңиз деңг. 4030 м, этеги 3440 м бийиктикте жатат.

Кар чегинин бийикт. 3700 м. Абляция облусунун аянты 0,2 км2. Ортоңку мөңгү Альпинисттер (Чоңтөр) мөңгүсү деп аталат. Мөңгүлөрдүн бетинин 13,2%тейин морена жаап жатат. Мөңгүдөн Сокулук суусунун негизги курамы Чоңтөр б ашта ла т.