География:ЧОҢ КОРУМДУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Борб.

Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Сарыжаз кырка тоосунун түн. капталында, Сарыжаз суусунун жогорку сол куймасы Чоң Корумду суусунун төрүнөн орун алган. Уз. 3,8 км, аянты 5,8 км2. Башы деңиз деңг. 4430 м, этеги 3540 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. Мөңгүдөн Чоң Корумду суусу башталып, Сарыжазга сол жактан куят.