География:ЧОҢ КАРАКАМАН МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш капталында. Арпа суусунун сол курамы Чоң Каракамандын төрүнөн орун алган 2 мөңгү. Уз. 3,3 ж-а 4,1 км, аянттары 5,0 ж-а 4,8 км2.

Алабуганын алабындагы ири мөңгүдөн. Өрөөн ж-а татаал өрөөн тибиндеги мөңгүлөргө кирет. Мөңгүлөр бири биринен мореналар аркылуу бөлүнүп, бир нече салаалардын биригишинен пайда болот. Алардын бети көптөгөн жаракалар м-н тилмеленген. Аймак б-ча түн. ж-а түш. капталдардагы мөңгүлөрдө кескин айырмалуулук байкалат. Башы деңиз деңг. 4700 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Мөңгүлөрдүн 10–15%тейи гана ортоңку жа четки мореналар м-н капталган. Алардан Арпа суусунун сол куймасы Чоң Каракаман өзөнү башталат.