География:ЧОЛПОНАТА МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Күнгөй Алатоонун түн. капталында. Чоң Кемин суусунун жогорку сол куймасы – Чолпонатанын төрүнөн орун алган өрөөн тибиндеги 2 мөңгү. Б а т ы ш ы н д а г ы мөңгүнүн уз. 3,2 км, аянты 6,0 км2. Башы деңиз деңг. 4410 м, этеги 3600 м бийиктикте. Ч ы г ы ш ы н д а г ы с ы н ы н уз. 2,6 км, аянты 5,2 км2; башы 4410 м, этеги 3490 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3980 м. Абляция облусунун аянты 0,8 км2. Каптал мореналары кеңири таралган. «Тилдеринин» этегин мореналар жаап жатат. Мөңгүлөрдөн башталган суулар кошулуп Чолпоната суусун түзөт да, Чоң Кеминге сол тараптан куят.