География:ЧОЛОКТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Какшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы татаалөрөөн тибиндеги мөңгү. Акшыйрак суусунун оң куймасы – Жаңарттын алабында жайгашкан. Уз. 10,7 км, жалпы аянты 15,0 км2. Башы деңиз деңг. 5319 м, этеги 3640 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Ыңгайлуу орографиялык түзүлүш жерг. климаттык шартка айкалышкандыктан мөңгүнүн режими бир калыпта. Мөңгүдөн Жаңарттын оң куймасы – Чолоктөр суусу башталат.