География:ЧАТЫТЕРЕК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Какшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Чоң Үзөңгүкууш суусунун алабында жайгашкан. Уз. 6,5 км, аянты 8,8 км2, абляция облусунун аянты 3,6 км2. Башы деңиз деңг. 4750 м, этеги 3820 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4180 м. Түндүккө караган бийик беттеги кар туурасы 1–1,5 км келген оёңго чогулуп, мөңгүнү пайда кылат. Азыркы мезгилде мөңгү өзгөрүүсүз бир калыпта.

Андан Чоң Үзөңгүкууштун оң куймасы башталат.