География:ТЕРЕКТИ МӨҢГҮСҮ
— Борб. Теңиртоодогу Көөлү кырка тоосунун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Сарыжаздын сол куймасы – Теректи суусунун төрүндө жайгашкан. Уз. 4,2 км, аянты 8,9 км2, абляция облусунун аянты 3,9 км2. Башы деңиз деңг. 4900 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4220 м.
Мөңгүнүн этеги 300–400 мге чейин калың морена м-н текши капталган. Мөңгүдөн Теректи суусу башталат.