География:ТЕКТИРЧЕЛҮҮ МӨҢГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал ж-а Кайыңды кырка тоолорунун тутумдашкан жеринде. Уз. 4,5 км2, туурасы 1,2 км, аянты 5,0 км2. Көйкап суусунун башаты – Теректинин төрүндө жайгашкан. Башы деңиз деңг. 5440 м, этеги 3560 м бийиктикте жатат.

Кар чегинин бийикт. 4480 м, абляция облусунун аянты 2,1 км2. Мөңгү Кайыңды кырка тоосунун тик капталдуу бөлүгүндө жатып, тууралжын жаракалар м-н өтө тилмеленген. Бири биринен кууш кашат аркылуу бөлүнүп, тектирчелерге окшош жатат. Мөңгү эки муз тармагынан куралат. Андан башталган суу Теректиге куят.