География:САРЫТӨР МӨҢГҮСҮ
— Акшыйрак тоо тоомунун түш.-батыш капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,6 км, аянты 3,3 км2. Нарын д-нын башаты Кумтөр суусунун алабынан орун алган. Башы деңиз деңг. 4520 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4150 м, абляция облусунун аянты 1,4 км2. Мөңгүдөн Кумтөрдүн сол куймасы – Сарытөр суусу башталат.