География:РАЙГОРОДСКИЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Түркстан кырка тоосунун түн.-чыгыш капталдарындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Сох суусунун алабында. Уз. 6,4 км, аянты 6,0 км2.

Башы деңиз деңг. 4840 м, этеги 2750 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3900 м, абляция облусунун аянты 2,6 км2. Бети жаракалуу. Кийинки жылдары мөңгү чегинүүдө. Мөңгүдөн Сохтун сол куймасы – Калаймахмуд суусу башталат.