География:ОРОЙСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Акшыйрак тоо тоомунун түн. капталында, Сарычат суусунун (Сарыжаздын бир тармагы) алабында жайгашкан. Уз. 5 км, жалпы аянты 8,6 км2. Башы деңиз деңг. 5040 м, этеги 3860 м бийиктикте жатат. Абляция аянты 3,4 км2. Фирн облусу эң ыңгайлуу түн. экспозициясына карай жайгашкандыктан этеги чегинбей бир абалда сакталган.

Мөңгүдөн Сарычаттын оң куймасы Оройсуу башталат.