География:НАЛИВКИН МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Какшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 13,2 км, аянты 19,5 км2.

Туурасы 300–1000 м. Какшаал д-нын сол куймасы Чоң Үзөңгүкууштун башында, Мушкетов мөңгүсүнүн чыгыш тарабында жайгашкан. Этек бөлүгү терең капчыгайда жатат. Мөңгүнүн маңдайында жаткан калың морена кууш эрозиялык каньонго барып кептелет. Жаңы жээк мореналары мөңгүнүн четинен 50–60 м жогору жатышы анын кичирейип жаткандыгын айгинелейт. Башы деңиз деңг. 5700 м, этеги 3960 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4680 м. Абляция облусунун аянты 5,0 км2. Мөңгүдөн башталган суу Айталаага куят (Чоң Үзөңгүкууштун башы). Мөңгү белгилүү геолог Д. В. Наливкиндин ысымынан аталган.