География:НАЗАРОВ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7,0 км, аянты 6,1 км2, көлөмү 0,25 км3. Кызылсуунун сол куймасы Кызылагындын алабында жайгашкан.

Башы деңиз деңг. 6000 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м, абляция облусунун аянты 1,5 км2. Мөңгүдөн башталган суу Жанайдартакка (Кызылагындын башаты) оң тараптан куят.