География:МЫКААЧЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Сарыжаз кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,2 км, аянты 3,2 км2.

Сарыжаздын сол куймасы Мыкаачы суусунун төрүнөн орун алган. Башы деңиз деңг. 4540 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3920 м. Абляция облусунун аянты 1,2 км2. Мөңгүнүн «тилинин» жарымы мореналар м-н текши капталган. Мындай көрүнүш Сарыжаз кырка тоосунун батыш бөлүгүнө өтө мүнөздүү. Мөңгүдөн Мыкаачы суусу башталат.