География:МИҢТЕКЕ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Түркстан кырка тоосунун түн. капталында, Исфара суусунун алабында жайгашкан. Уз. 5,4 км, аянты 5,6 км2. Башы деңиз деңг. 5000 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3720 м. Абляция облусунун аянты 3,9 км2. Фирн облусу кеңири аймакты ээлеген өрөөн тибиндеги мөңгү. Андан Теминген суусунун оң куймасы – Миңтеке суусу башталат.