География:КЫЗЫЛСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы дендрит тибиндеги көп тармактуу мөңгү. Уз. 16,9 км, аянты 43,0 км2. Кызылсуунун (чыгыш) башында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 6610 м, этеги 3780 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4560 м, абляция облусунун аянты 12,9 км2.

Фирн облусу төрлөрдө жатат. Этеги морена м-н текши капталган. Мөңгүдөн Кызылсуу (чыгыш) башталат.