География:КЫЗЫЛКИНДИК МӨҢГҮСҮ
— Жетим кырка тоосунун түн. капталындагы төрөрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,8 км, аянты 4,1 км2. Кичи Нарын д-нын сол куймасы– Арчалынын алабында жайгашкан.
Мөңгүнүн башы 4590 м, этеги 3720 м бийиктикте жатат. Мөңгүдөн Арчалы суусуңун сол куймасы башталат.