География:КЫЗЫЛБЕЛ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ички Теңиртоодо, Жетим кырка тоосунун түн. капталында. Кичи Нарын д-нын алабында жайгашкан ири үч мөңгү. Ч ы г ы ш ы н д а г ы с ы өрөөн тибиндеги мөңгү; уз. 3,7 км, аянты 3,7 км2; башы 4850 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. О р т о ң к у с у төрөрөөн тибиндеги мөңгү; уз. 3,2 км, аянты 3,3 км2; башы 4930 м, этеги 3860 м бийиктикте жатат. Б а т ы ш К ы з ы л б е л м ө ң г ү с ү – өрөөн тибиндеги мөңгү; уз. 4,3 км, аянты 5,0 км2; башы 4540 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Мөңгүдөн башталган Кызылбел суусу Жаманечки суусу м-н кошулуп, Бурканга сол тараптан куят.