География:КӨЛТӨР (АНАСТАСИЯ) МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,9 км, аянты 6,8 км2. Кегети суусунун (Чүй д-нын алабы) оң куймасы – Көлтөрдүн төрүнөн орун алган. Башы 4330 м, этеги 3420 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3980 м, абляция облусунун аянты 3,8 км2.

К. м. Кыргыз Алатоосундагы моренанын («төө карындын») астында кыймылсыз жаткан ири мөңгүлөрдөн. Анын «тилин» 3 кмге чейин морена каптап калган.