География:КӨЙКАП МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Борб. Теңиртоодогу дендрит тибиндеги өрөөн мөңгүсү.

Какшаал кырка тоосуна Кайыңды кырка тоосу тутумдашкан жерде, Теректи өрөөнүнүн төрүндө жайгашкан. Уз. 12,9 км, туурасы 1,0 км, Альпинистер мөңгүсүнөн жогорку бөлүгү 1,6 км, аянты 13,4 км2. Калыңдыгы 150–180 м. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5890 м, этеги 3380 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4480 м. Абляция облусунун аянты 4,8 км2. Куралуу облусу түштүгүнөн Бозкыр, чыгышынан Эңилчек, түндүгүнөн Кайыңды кырка тоолору м-н курчалат. Фирн бассейни кенен төрдө жайгашкан. Кайкы аркылуу Комсомол мөңгүсү м-н туташат. Мөңгүнүн төмөнкү бөлүгүндө жаракалар көп. Сол капталдан жүргөн кар көчкүлөр жаракаларды жаап турат. Мөңгүнү алгачкы жолу 1902- ж-а 1903-ж. немец географы Г. Мерцбахер картага түшүргөн. Этеги шагыл таштар м-н корумдалган (1,5 км2дей жери). Мөңгүдөн Теректи суусу башталат. Мөңгү тартылууда. Мезгили м-н алдыга жылып кетүүчү мөңгүлөргө кирет.