География:КОШМОЙНОК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Алай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,4 км, аянты 3,6 км2. Акбууранын оң куймасы – Кошмойноктун баш жагынан орун алган.

Башы 4200 м, этеги 3950 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м. Абляция облусунун аянты 2,4 км2, көлөмү 0,19 км3. Кийинки мезгилде тартылууда. Мөңгүдөн Кошмойнок суусу башталат.