География:КИЧИ СУУКТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Какшаал кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 6,5 км, аянты 9,0 км2.

Акшыйрак суусунун оң куймасы. Жаңарттын алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат. Этеги бири бирине улай жаткан бир нече морена жалчасы м-н курчалган. «Тилинин» сол четинде кар көчкүлөрүнүн конустары жатат. Мөңгүдөн Кичи Сууктөр өзөнү агып чыгып, Жаңарттын оң куймасы – Сууктөргө сол жактан куят.