География:КИЧИ ЖАРГЫЛЧАК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Тескей Алатоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги чакан мөңгү. Уз. 3,4 км, аянты 3,9 км2. Кичи Жаргылчак суусунун төрүнөн (оң тарабында) орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4370 м, этеги 3460 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3820 м.

Абляция облусунун аянты 1,4 км2. Батышты карай созулган кеңири куралуу облусуна ээ. Кар көчкү жүрүп турат. «Тили» жазы ж-а кыска келип, 25°ка эңкейиш. Мөңгүдөн Кичи Жаргылчак суусу башталып, Ысыккөлгө куят.