География:КЕҢТӨР МӨҢГҮСҮ
— Какшаал кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Аксай суусунун сол куймасы Мүдүрүмдүн алабында, Болгонду ж-а Жырганакты мөңгүлөрүнүн аралыгында жайгашкан. Уз. 5,2 км, аянты 6,7 км2, абляция облусунун аянты 2,2 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4920 м, этеги 3980 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4260 м. Мөңгүдөн агып чыккан өзөн Мүдүрүмдүн сол куймасы – Кеңтөргө сол тараптан куят.