География:КЕҢТӨР МӨҢГҮСҮ
— Ички Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги чакан мөңгү. Жаңыжер кырка тоосунун түн. капталында жайгашкан. Уз. 3,6 км, аянты 4,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4720 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4140 м, абляция облусунун аянты 1,1 км2.
Мөңгүдөн Кеңтөр суусу башталып, Жаңыжерге (Атбашынын сол курамы) оң тараптан куят.