География:КАШКАСУУ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталында, Алтындара суусунун алабында жайгашкан. Азыр анда этек мореналары туташ жаткан, өрөөн тибиндеги үч мөңгү бар. Анын экөө (Ортоңку ж-а Батыш К. м.) ири мөңгү.

О р т о ң к у с у н у н уз. 5,5 км, аянты 4,8 км2. Абляция облусунун аянты 1,3 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5500 м, этеги 3940 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м. Б а т ы ш ы н д а г ы с ы н ы н уз. 5,5 км, аянты 5,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5500 м, этеги 4080 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м. Абляция облусунун аянты 1,5 км2. Мөңгүлөрдөн Кашкасуу башталып, Миңтеке м-н кошулуп, Алтындарага (Кызылсуунун сол куймасы) сол жактан куят.