География:КАРАТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Исфара суусунун алабында. Уз. 6,6 км, аянты 10,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5480 м, этеги 3360 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3820 м.

Абляция облусунун аянты 4,0 км2. Фирн облусу төрлөрдө жайгашкан. Мөңгүдөн Телинген суусунун оң куймасы – Миңтеке агып чыгат.