География:КАРАЖЫЛГА МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Борколдой кырка тоосунун түн. капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Уз. 4,6 км, аянты 5,1 км2. Нарын д-нын сол куймасы Каракол суусунун алабынан орун алган.

Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4760 м, этеги 4040 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4400 м. Абляция облусунун аянты 2,3 км2. Мөңгүдөн Каражылга суусу башталып, Карачукурга (Караколдун сол курамы) оң тараптан куят.