География:КАРАГОЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Аравансай суусунун алабында. Уз. 7,2 км, аянты 4,8 км2.

Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Абляция облусунун аянты 3,5 км2. Фирн облусу төрдө жатат. «Тили» морена чөкмөлөрү м-н туташ капталган. Мөңгүдөн Кыргызатанын башаты Карагой суусу башталат.