География:ЖЫЛДЫЗЧА МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Какшаал кырка тоосунун түн. капталында, Борб. Теңиртоодо. Түш. Эңилчек мөңгүсүнүн негизги тармагы. Уз. 16,5 км, аянты 91,8 км2.

Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 7439 м (Жеңиш чокусу) бийиктикте, 4110 мде негизги мөңгүгө кошулат. Кар чегинин бийикт. 4150 м. Мөңгү бүт бойдон фирн облусунда жатат. Негизги мөңгүнүн өрөөнүндө туурасы 1 км келген тилкени түзөт. Фирн облусу дээрлик Жеңиш чокусунун түн. капталында жатып, тепкич сымал кертилген муз жаракалары м-н татаалданган.