География:ЖАҢЫДАВАН МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Сох суусунун оң курамы Кожашкандын алабында жайгашкан. Уз. 4,1 км, аянты 3,4 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4880 м, этеги 3720 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м, абляция облусунун аянты 2,2 км2. Мөңгүдөн Кожашкан суусунун оң куймасы Жаңыдаван суусу башталат.