География:ГЕРЕЗ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Түркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түн. тармагы – Карабел тоосунун чыгыш капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Сох суусунун сол курамы Актеректин алабынан орун алган. Уз. 6,2 км, аянты 4,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5400 м, этеги 3560 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4546 м. Абляция облусунун аянты 1,9 км2.

Бетинде бузулган мөңгүлөр, жаракалар м-н омурулган муздар кездешет. «Тилинин» учу морена м-н капталган. Мөңгүдөн Герез суусу агып чыгып, Актеректин сол куймасы – Матчага куят.